КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов премьер-министр болуу тууралуу ою жоктугун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-ноябрда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча өткөн отурумда билдирди.
Анын айтымында, бул боюнча айрым маалымат каражаттары Өмүркулов менен премьер-министр Сапар Исаковдун мамилесин бузайын деп жазышкан. “Мен ачык эле айтып коёюн өкмөт башчы болоюн деген ойлорум жок. Сапар Жумакадырович, менден көрүп жүрбөңүз", - деп ал Сапар Исаковго кайрылды.
Ошону менен катар эле Өмүркулов Исаков жакшы иштеп жатканын иши менен далилдегенин кошумчалады.
Айта кетсек, бүгүн 2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча чечимдин долбоору кабыл алынды.