Зимбабведе аскер кызматкерлери 40 жылдан бери бийликте турган өлкө башчысын камакка алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, Зимбабве аскерлери өлкө башчысы Роберт Мугабени камакка алышканын жарыялашкан. Мугабе өлкөнү 1980-жылдан бери башкарып келген. Буга чейин аскерлер өлкөнүн каржы министрин камакка алып, мамлекеттик телекомпанияны өз карамагына алышкан.
Өлкөдө түнү бою орун алган баш аламандыктардан кийин аскерлер өлкө башчысын жана анын жубайын камакка алышкандыгын жана алардын өмүрү коркунучта эмес экендигин билдиришкен.
Зимбабведеги баш аламандыктар 14-ноябрда түн ичинде башталган. Өлкөнү башкарууну өз колуна алган аскер кызматкерлери, бул окуяны аскерий төңкөрүш катары атоодон баш тартышкан.
"Биздин максат өлкө ичиндеги ар кандай социалдык жана экономикалык маселелерди жаратып жаткан президенттин айланасындагы кылмышкерлерди жоопко тартуу гана, биздин эч кандай башка максаттарыбыз жок", - деп билдирген аскерлердин башчысы генерал-майор С.Б.Мойо.
Азыркы тапта аскерлер мамлекеттик органдарды жана Хараренин көчөлөрүн өз көзөмөлүнө алышкан. Ошондой эле аталган кылмышкерлер колго түшкөн соң өлкөдөгү абал турукташып кайра калыбына келерин аскер кызматкерлери кошумчалашкан.