Жогорку Кеңештин төрагасы: “2040-жылга чейинки долбоорлор өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт”

“2040-жылга чейин иштелип чыккан долбоорлор өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө болот”, - деп 15-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча өткөн отурумда билдирди.

“2013-2017-жылдарга карата түзүлгөн туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы келечегибиздин пайдубалы болду. Өлкөдө тынчтык орноп, адилет шайлоо өнөктүгү калыптанды. Коррупцияга каршы олуттуу аракеттер жүргүзүлүп, ишкерчиликке ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Айрыкча аталган документ бардык бийлик бутактарынын биргелешип иш алып баруусун камсыздады. Улуттук программаларды ишке ашыруу аркылуу Кыргыз мамлекети туруктуу өнүгүүгө жол алат деп ишенем. Андыктан баарыбыз биргелешип иш алып баруубуз шарт”, - дейт Дастан Жумабеков.

Айта кетсек, кечээ 2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча чечимдин долбоору кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан