Казакстан парламентинин спикери Касым-Жомарт Токаев президент Алмазбек Атамбаевдин 15-ноябрда Казакстанга карата айткан сөзүнө комментарий берди. Депутат Кыргыз президентинин кезектеги сыны өлкөлөр ортосундагы коӊшулук мамилеге зыянын гана тийгизерин баса белгилейт.
Чоӊ саясатта мындай эмоциялык билдирүүлөргө жол берилбеши керектигин айткан Токаев Кыргыз мамлекетин блокадага алуу жөнүндө маселе жоктугун, Кыргыз мамлекети болгону ЕАЭБдин талаптарын аткарышы керектигин билдирди.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 15-ноябрда өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеӊештин жыйынында өлкөнүн ички ишине кийлигишүүгө аракет кылганы үчүн Казакстандын президенти Кыргыздан кечирим сурашы керектигин айткан эле.