Кыргыз мамлекети Крымдагы адам укуктары жаатындагы кырдаал боюнча Украина резолюциясынын долбооруна каршы добуш берди. Орусия бийлигине бир катар сунуштарды камтыган резолюциянын долбоору БУУнун Башкы ассамблеясына киргизилип, 14-ноябрда уюмдун тийиштүү комитетинде кабыл алынды. Орусия аталган документ боюнча добуш берүү жүргүзүүнү сураган. Долбоорду 71 мамлекет колдоп добуш берсе, 25 мамлекет каршы чыкты. Ал эми 77 мамлекет добуш берген жок.
Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгү жана АКШ резолюциянын долбоорун колдосо, Орусия, Кытай, Индия, Армения, Иран, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Беларусь жана башка өлкөлөр каршы болушту.
Документте Крым жарым аралында адам укуктары тебеленип жатканы жүйө келтирилип, Орусия айыпталат. Резолюциянын долбоору эми Башкы ассамблеянын 72-сессиясында пленардык жыйында каралары күтүлүүдө.