"Түндүк электр": "Абоненттердин учурдагы карызы 567 миллион сом"

"Түндүк электр" ишканасына абоненттеринин азыркы таптагы карызы 567 миллион сом. Бул тууралуу мекеменин 16-ноябрда тараткан маалыматында айтылат. Жыл башынан бери электр энергиясын пайдалануучулар карыздын көлөмүн 185 миллион сомго же 24 пайызга азайткан.

Ишканага карата карызын калк 165 миллион сомго же 31,7 пайызга, өндүрүш ишканалары 7,8 миллион сомго же 14,9 пайызга, бюджеттик уюмдар 6,5 миллион сомго же 7,9 пайызга азайтканы белгилүү болду.

"Карыздын төмөндөшү “Түндүк электр” тейлеген бардык аймактарда байкалууда. Бишкектиктер электр энергиясына болгон карыздарын 56 миллион сомго же 22 пайызга азайтышты. Чүй облусунун керектөөчүлөрү карыздарын 103 миллион сомго же 26,7 пайызга төмөндөтүштү. Ал эми Талас облусунда калктын дебитордук карызы 26,2 миллион сомго же 23,4 пайызга азайды", - деп билдирет ишкана.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан