Бир жыл мурун: Бети ачыла элек өлүм: Караколдогу колледж директорунун өлүмүнө күнөөлүү жазасын ала элек

Студенттер күнүндө колледждин директору өлтүрүлгөн

Мындан туура бир жыл мурун 17-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын директору, 1957-жылы туулган Анарбүбү Апсалиева өз үйүндө өлүү табылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жана "Тез жардам" кызматы барганда анын денеси эчак эле муздап калган болчу. Анын өлүмүнө шектелип ошол эле окуу жайдын эсепчиси Р.М. аттуу 40 жаштагы аял кармалганын облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкен.

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Шектүү катары колго түшкөн жаран тергөө учурунда кылмышты моюнуна алып жаткан. Андан кийин ал нес абалда болгондуктан эмне болуп кеткенин билбей, кылмышты моюнума ала бериптирмин деп билдирген..." - деди.

Милициядан билдиришкендей, маркумдун жансыз денесине анын 16 жаштагы кызы күбө болгон. Тергөө материалдарында тиркелген көрсөтмөдө ошол күнкү окуя күбө тарабынан төмөнкүдөй баяндалат:

- Эртең менен туруп сабакка даярданып жатсам апам ашканада ырым кылып жыт чыгарып жатыптыр. Анан ал жумушуна кетти, мен болсо сабакка кеттим. Ошол күнү химия сабагы болбой калып, үйгө эртерээк келдим. Апам саат 1лерде жумушка кетчү. Эшик бекитилүү да деп ачкычымды дайындап жатып каалга ачык экенин байкадым. Оозгу бөлмөдөн эле "апа" десем эч кимдин үнү чыккан жок. Үйдө го деп ашканага өтсөм, уголокто бир кызыктай кыйшайып, үнсүз отуруптур. Колунда кружка, анысы да жыгылып калган. Жанына барып түртсөм кыймылдаган жок. Коркуп кеттим, ордунан тургузайын деп кармасам кийимдеринде тешиктер бар экен. Эмне болгонун түшүнбөй эле "апалап" ыйлап жаттым. Анан эжеме чалдым. Ал келип апамдын кайтыш болуп калганын айтты. Анан "Тез жардам", милиция келди...

Маркумга 27 жолу бычак сайылган. Шектүүнүн тергөөдөгү эки башка көрсөтмөсү...

Колледждин эсепчиси, кылмышка шектелип кармалган Р.М.Маркумдун денесине экспертиза жүргүзгөндө ага 27 жолу бычак сайылганы билинген. Экспертиза анын үчөө өлүм алып келе тургандай тереңдикте сайылганын аныктаган. Кылмышка шектелип кармалган Р.М. тергөөнүн башында берген көрсөтмөсүндө буларды айтат:

- Мен Каракол шаардык медициналык колледжине 2013-жылы башкы эсепчи кызматына киргем. Анарбүбү эже менин жетекчим катары көп тилдечү, өзү да иччү. 2016-жылдын 16-ноябрь күнү Анарбүбү эженин кабинетине кирип банктан акча ала турган чекке кол койдурдум. Ал мага "банктан алган акчаны эртең окуу жайдын 2-корпусуна алып келип бер" деди. Себеби 17-ноябрь - Студенттер күнүнө карата мугалимдерге премия берилмек. Эртеси банктан акча алып, Анарбүбү эжеге жумушка барардан мурун анын бар же жок экенин билейин деп вахтёршага чалдым. Ал "үйүнө кетип калды" деди. Анда үйүнө эле алып барып берейин деп, №60-үйгө бардым, эшигин Анарбүбү эже өзү ачты. Мага акчадан башка дагы өзүнүн жеке жумуштарын тапшырган болчу. Мен аларды бүтүрө албай калганымды айтканда оозго алгыс сөздөрдү айтып, тилдеп кирди. Столдун үстүн даярдап алып чай ичип отурган экен. Колума бычак көрүндү. Аны алып Анарбүбү эжени сайгылап салыптырмын. Өзүм да окуя кандай болуп кеткенин билбейм. Эсимди жыйсам колума бычак кармап калтырап туруптурмун...

Мындай көрсөтмө берилгенден кийин шектүү Р.М. "алгачкы суракта нес абалда болгондуктан эмнелерди айтканымды билбейм, тергөөдө берген көрсөтмөм жалган, анын бирин да моюнума албайм" деп билдирген. Ошентсе да иш тергелип бүтүп сотко өткөрүлгөн. Сотто шектүү төмөнкүдөй көрсөтмө берген.

- Менин Анарбүбү эже каза болгон күнү анын үйүнө барганым чындык. Ошол күнү Анарбүбү эжени жумуштан таппай коюп, үйүнө баргам, себеби акча беришим керек болчу. Кирсем үйүнүн каалгасы ачык экен, ашканасында кыйшайып отуруптур. "Анара эже" десем унчукпай койду. Түртүп көрдүм, кыймылдабады. Анан мас окшойт деп алып кетип калгам. Бул жөнүндө эч кимге эч нерсе айткан жокмун. Андан кийин эле "милициядан келдик" деп мени кармап кетишти. Ал жакта мени тергөөчүлөр оозго алгыс сөздөр менен коркутушуп, "Күнөөнү моюндай бер. Эгер ачуулуу абалда болгондуктан өлтүргөм деп моюнуңа алсаң, 3 эле жылга соттолосуң. Иш жабылат" дешти. Мен мага тагылган башка күнөөлөрдү, эсепчилик кызматта турганда жасаган мыйзамсыз иштеримди моюнума алам. Бирок Анарбүбү эжени мен өлтүргөн эмесмин...

Шектүү тергөөчүлөр тарабынан кыйноого алынганбы?

Милиция кызматкерлери кыйноого алгандыгынын чын-бышыгын билүү үчүн облустук ИИМдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновго кайрылганыбызда, ал андай иш болбогонун айтты. Ал эми шектүү Р.М. тергөө абагында жатканда кирип жолугуп чыккан "Кыйноого каршы борбор" бейөкмөт уюмунун өкүлү Камил Рузиев буларды айтты.

"Бизге ошондой арыздануу түшкөн. Жабырлануучуга ошондо барып жолуктук, текшерүүлөрдү жүргүздүк. Бирок жыйынтыгында анын кыйналганы боюнча далилдер алынган эмес. Анткен менен ал эже ден соолугунан бир топ эле жабыр тартып жүрдү. Себеби абакта жатуу оңой эмес, психикалык жактан да күч келди да".

Каракол шаардык соту: "Соттолуучу акталсын"

Туура бир жылдан кийин, 2017-жылдын 15-ноябрында Каракол шаардык соту соттолуучу Р.Мны 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде тагылган айыптан актап, ага карата башка иштер боюнча өкүмдөрдү чыгарды. Тактап айтканда, Р.М. медициналык окуу жайдын эсепчиси болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мекеменин бюджетине тийиштүү акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алган. Соттолуучу бул күнөөлөрдү сот отурумунда да моюнуна алган. Ошондой эле иликтөө учурунда шектүү менен маркум ушул финансы иштеринин айынан да араздашып жүрүшкөн.

Мындан улам Каракол шаардык соту соттолуучу Р.Мны Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча 3 жылга эркинен ажыратты. Ал эми 171-берененин (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) негизинде 5 жылга эркинен ажыратылып, 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан да ажыратылды. Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы 59-берененин негизинде ага белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, жалпы 6 жылга эркиндигинен ажыратылды. Конституциянын 72-беренесине ылайык, соттолуучунун 2005-жылы туулган баласы бар экени эске алынып, ал 14 жашка чыккандан кийин гана жогорудагы өкүмдөр күчүнө кирмекчи.

Жактоочулар эмне дейт?

Өкүм боюнча Р.Мнын жактоочусу Оторбай Жаркынбаев "Тергөө иштеринде Жаза процессуалдык кодексиндеги талаптардын бири да аткарылган эмес. Шектелип кармалган адамдын көрсөтмөсү кылмыш ишине эч кандай далил болуп бере албайт, бул мыйзамда жазылуу (ред. Конституциянын 36-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, эч ким кылмыш жасаганын моюнуна алышынын негизинде гана соттолушу мүмкүн эмес деп көрсөтүлгөн). Анын акталышы боюнча чечимди мен адилеттүү чечим болду дейм. Сотто маркумдун киши колдуу болуп өлгөндүгү гана далилденип, ага шектелген адамдын эч нерсеси далилденген жок", - деп билдирди.

Шаардык сот бул кылмышты жасаган адам аныкталбагандыктан, аны аныктоо боюнча чараларды көрүү үчүн жазык ишин Ысык-Көл облустук прокуратурага жөнөткөн.

Ал эми жабырлануучу тараптын жактоочусу Жылдыз Адылканова "Өкүмгө, албетте, макул эмеспиз. Мыйзам боюнча укугубуздан пайдаланып, 25-ноябрга чейин Ысык-Көл облустук сотуна арыз менен кайрылабыз. Менимче, кылмыштын ким тарабынан жасалгандыгы тууралуу далилдер жетиштүү эле болчу", - деген оюн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alibay
2017-11-17 16:32:42
Бул олтурбогондо анан ким олтурот.Кылмышты биринчи моюнуна алыптыр го.Кийин жалган корсотмо бериптир...Ууру тойгончо жеп ,олгончо актанат деген эн туура.Жок эле дегенде 20жыл бербептир.
+2
Arlenchik
2017-11-17 21:35:36
Жеген акчасынан тиги адилетсиз соттор мн болушуп кутулуп кетиптирда.
+1
surgeon777
2017-11-18 03:18:41
Маркумду билгендер бар,бул аял айткандай адам эмес болчу,болушунча каралаптыр...кылган ишин моюну менен тартсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан