Караколдо медициналык окуу жайдын директорунун өлүмүнө шектелип аталган окуу жайдын башкы эсепчиси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
"Кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган М.Раушан аттуу аял кармалды. Ал аталган окуу жайда башкы эсепчи болуп иштеп келген. Учурда кылган кылмышын мойнуна алып, жумуш боюнча ич ара келишпестиктен улам ушундай жолго барганын билдирди. Окуя болгондон кийин кадимкидей эле жумушка келип жүргөн", - дейт Усубакунов.
Айта кетсек, окуя 17-ноябрь күнү түштө болгон. Анда 1957-жылы туулган Анарбүбү Апсалиеваны өз үйүндө белгисиз адам бычактап кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан улам окуя болгон жерден көз жумган. Маркум Караколдогу медициналык окуу жайдын директору болгон.