Бишкекте кургак учуктан жабыркагандар үчүн жаӊы оорукана курулат

Бишкекте быйыл декабрда кургак учук дартынан жабыркагандар үчүн жаӊы оорукананын курулушу башталат. Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллат Кадыровдун айтканына караганда, азыркы тапта имарат түшүүчү аянтты даярдоо иштери жүрүүдө. Жаӊы оорукана 120 орунга ылайыкталып, анын курулушуна эл аралык каржы уюмдары бөлгөн 8,5 миллион евро жумшалары күтүлүүдө.

Бул оорукана жугуштуу оорулар боюнча эл аралык стандартка жооп берген Кыргыз мамлекетиндеги биринчи оорукана болорун айткан Кадыров.

"Биз алгач Элебесов көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу имаратты сактап калууну ойлодук. Бирок бул имарат убагында атайын оорукана үчүн курулбаганын эске алып, аны сүрдүрүп салып жаӊыдан курууну чечтик. Курулуштун оорулууларга кесепети тийбейт, бейтаптар биздеги башка мекемелерге жайгаштырылат", - деди борбордун жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurka0390
2017-11-16 09:43:55
Биринчи кургулачы анан мактансанарда жетишесинер кыйратып уже бутуп калгандай суйлопсунорго
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан