Өлкөдө жол тазалоочу техникалардын 73 пайызы кыш мезгилине даяр. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына таянсак, азыркы тапта 138 грейдердин 93ү, 65 бульдозердин 48и, 84 жүк жүктөп берүүчү техниканын 67си, 51 кар тазалоочу атайын техниканын 39у, 174 оор жүк ташуучу унаанын 127си ишке даяр. Техникалардын калган 27 пайызы кышка чейин даярдалып бүтөт.
2017-2018-кыш мезгилинде жолдорго кам көрүүгө 6792 тонна туз, 41 590 тонна кум, 20 980 тонна шлак, 38 200 тонна туз-кум аралашмасы, 36 120 тонна кум-шагыл аралашмасы керектелет. 16-ноябрга карата булардын 54 пайызы гана даяр.