Бүгүн, 16-ноябрда парламентте 209 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылганы айтылды. Бул тууралуу өкмөт мүчөлөрү билдирди.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, өлкөдө 1582 бала бакчанын имараты менчиктештирилип кеткен. "Анын 209у мамлекетке кайтарылып, 84 бала бакча толук кандуу иштеп жатат. Кээ бир объекттер боюнча сот иши жүрүүдө. Учурда мамлекетте 23 пайыз балдарыбыз бала бакчага барат. Бала бакчага барган балдардын саны жыл сайын өсүүдө, 2014-жылы 17 пайызды түзгөн", - деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.
Жогорку Кеңеште мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдарынын имараттарынын курулушунун жүрүшү боюнча маселе каралып жатат.