"Кыргыз темир жолу": "Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүүгө тоскоолдук жок"

Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр жеткирүүгө вагон жетиштүү жана эч кандай тоскоолдуктар жок. Бул тууралуу 15-ноябрда "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Бүгүнкү күнгө карата ишкана тарабынан ЖЭБге 779 933 тонна көмүр ташылганы, ЖЭБди көмүр менен камсыздоо иши планга ылайык жүрүп жатканы айтылды. "Кыргыз темир жолу" ЖЭБге көмүрдү Балыкчы-Аламүдүн станциялары боюнча ташылып жатканын, ишканалар жана жеке жактар менен кызматташуу жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстан Кыргызга көмүр жеткирүүгө чектөө киргизгени маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek83
2017-11-16 13:11:48
Калп эмеспи?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан