Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңеште Өкмөттүк саат өтүп депутаттар өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдарынын имараттарынын курулушунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды угушту.
"Түркиядан келген грантка 47 мектеп бекитилип, анын ичинен 11 мектеп бүтпөй калды. Анткени акча 36 мектепке гана ылайыктуу болчу. Калган мектептер бюджеттен бөлүнө турган каражат менен бүткөрүлөт. "Жер-Үй" кенинен түшкөн акчага курула турган 105 мектептен 54 мектеп бүткөн, калганы бюджетке калып калды", - деди Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев.
КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков Бишкекте мектептерди курууга муктаждыктар көп экенин айтып, жаңы курулуштарды муктаждыктарга карата жүргүзүү зарыл экенин айтты.
"2013-жылы Талас облусундагы Көк-Дөбө айылындагы мектеп Түркиядан келген гранттан башталып, 60 пайызы бүтпөй калган. Тизмеге кире элек. Эки мектепти бүтүрбөй жатып, дагы башка айылдардан эки мектепти баштап жатасыздар. Бишкекте 1200 окуучуга ылайык мектептерде 3500дөн окуучу окуп жатат. Мектептерди Бишкекке куруш керек. Айылдарда мектеп курулганы менен окуучулар жок бош турат", - деди депутат Рыскелди Момбеков.