Саматбек Тойматов, врач: "Көптөгөн антибиотиктер бактерияларга таасир эте албай калды, адам алсыз эле инфекциядан каза болуп калышы мүмкүн"

Акыркы 20 жылдын ичинде көптөгөн антибиотиктер бактерияларга таасир этпей калды. Бул коомго жаӊы коркунуч жаратканын 15-ноябрда Бишкекте өткөн тегерек столдо Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын жетекчиси Саматбек Тойматов билдирди.

"Антибиотиктер медицинадагы эң улуу ачылыштардын бири. Мисалы, жалгыз пенициллин гана жүз миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калды жана сактап жатат. Бирок, тилекке каршы, акыркы 20 жылда көптөгөн антибиотиктер таасир этүүдөн калды, башкача айтканда, бактериялар антибиотиктерди сезбей калды. Бул адам алсыз эле инфекциядан каза болуп калышы мүмкүн дегенди билдирет. Биз эффекти аз антибиотиктерди көзөмөлдөн тыш колдонуу менен өзүбүздүн ден соолугубузду гана жоготпой, өлкө экономикасына да зыян келтирип жатабыз", - деди Тойматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ariet97
2017-11-16 11:58:44
Китайский антибиотиктер
Кыргыз бактериясына таасир этчу беле)))
+4
Amai
2017-11-16 12:46:42
Мамлекетибиздин акыбалын билип сапаты начар дары дармектерди экспортойт бизге кудайым озун сактай кор элимди.
+2
Amai
2017-11-16 12:59:04
Союуз убагында оруп калсан бир еле турду дарыны ичип сакайчу лек азыр мин туру бар организим которо албайта. Булда болсо бизнес чонтоко тушот унчукпай бизге откорот.
+2
elchi84
2017-11-16 14:07:35
Аны бизге айтпа чек арадагы жеп жутарларга айт.
-4
nargiz-sa
2017-11-16 19:55:24
elchi84,бул жерде сен эде отурасынбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан