Депутаттар мектептердин курулушунун сапатына көңүл бурулбай жатканын айтышты

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар мектептердин курулушунун сапатына көңүл бурулбай жатканын айтышты.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев курулуп жаткан мектептердин сапаты начар болуп жатканына өзү күбө болгонун билдирди. Анын айтымында, Нарын районунун Эчки-Башы айылындагы мектептин курулушунун сапатына көңүл бурулбай жатат.

КСДП фракциясынан депутат Улан Примов Жолдошбаевдин сөзүн колдоду. “20 миллион сомго курула турган мектептин тендеринде 10 миллион сом сунуштаган компания утуп алып жаткан көрүнүштөр бар. Мындай учурда кайдагы сапатты айта алабыз. Мектеп курулушунда сапатка өтө чоң көңүл буруу керек болуп жатат”, - деди Примов.

Ал эми “Бир Бол” фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков ички миграциянын күчөшү менен мектептерде бир партада 3төн окуучу окуп жатканын белгиледи.

Учурда парламентте өлкөнүн мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдарынын имараттарынын курулушунун жүрүшүнө арналган өкмөттүк саат өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kechirmeni
2017-11-16 11:51:53
Алакандай Кыргызстанга 120 шагыраган депутаттын не кереги бар эле озу? Ар бир райондон 1ден депутат болсо жетишет эле ошол райондун койгойун айтканы. Анан да шаардык кенеш, айылдык кенештерге да депутаттын не кереги бар.Ашыкча эле расход
0
elchi84
2017-11-16 14:05:41
Аны жон эле айтып койдунар да эл козуно куйдурдунорго силердин керегинер жок экен озу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан