Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору Бактыбек Абдиев 2017-жылга пландаштырылган билим берүү имараттары 25-декабрга чейин толугу менен бүткөрүлө турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-ноябрда парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тизмеге 32 бала бакчанын, 183 мектеп менен спорт залынын курулушу киргизилген. “169 мектептин курулушуна жана оӊдоого 2 миллиард 28 миллион сом каралса, азырынча 1 миллиард 579 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. Ошондо бөлүнгөн акча жалпы каражаттын 77 пайызын түзөт. Ал эми 14 бала бакчанын курулушуна 152 миллион сом каралса, азыр 141 миллион сом бөлүнгөн", - деди ал.
Парламентте өлкөнүн мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдарынын имараттарынын курулушунун жүрүшүнө арналган өкмөттүк саат өтүп жатат.