Бүгүн, 16-ноябрда Бишкектеги Ак Үйдүн алдында мөңгүлөрдү талкалоого каршы акция өттү. Анын жыйынтыгында активисттер эгер депутаттар бул мыйзамды кабыл алса Жогорку Кеңештин таркатылышын талап кылышарын билдиришти.
"Бүгүн кайрылуу даярдап келип отурабыз. Мындан ары карай президентке кайрылуу жасайбыз. Биз жарандык коом Суу кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөргө каршы экенибизди билдиребиз. Мамлекеттик мекемелер чет элдик компаниялардын жетегине кирип, алардын кызыкчылыгын коргоп, кыянатчыл мыйзамдардын кабыл алынышына каршыбыз. Жогорку Кеңештин депутаттары улуттук мөңгү фондубузга кыянатчылык кылып, бул зыяндуу мыйзамдарды кабыл алса Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркатылуусун талап кылабыз жана жер жерлерде кол чогутууларды баштайбыз", - деди "Кыргыз эл жаштар кыймылынын" өкүлү Бекназар Айталиев.