Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-ноябрда "Кыргыз өкмөтү менен Казак өкмөтүнүн ортосунда 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында ЕАЭБге кирүү шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү макулдашууну, жардам берүү жана анын колдонулушу тууралуу протоколду, техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу протоколду денонсациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Мыйзамды Жогорку Кеӊеш 2017-жылдын 9-ноябрында кабыл алган. Маӊызы - ЕАЭБдин алкагында Казакстандан алынчу 100 миллион доллар суммасындагы жардамдан баш тартуу.
Мыйзам дароо күчүнө кирет. Ал эми макулдашуу денонсацияланганын тийиштүү тартипте Казакстан өкмөтүнө кабарлоо боюнча Кыргыздын Тышкы иштер министрлигине тапшырма берилди.