“Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда Давыдов менен Лысый мөӊгүлөрү гана камтылган”, - деп бүгүн, 16-ноябрда парламент жыйынында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.
Зилалиевдин айтымында, мыйзам долбоор жаңыдан сунушталганда аталган эки мөңгүнүн катарына Сары-Төр мөңгүсү дагы кирген. "Буга Жогорку Кеңештин V чакырылышы каршы болгондуктан бул мыйзам долбооруна Сары-Төр мөңгүсү кирген жок. Азыркы мыйзам долбоорунда Давыдов менен Лысый мөӊгүлөрүнөн башка мөңгүлөр жөнүндө сөз жок”, - дейт Зилалиев.
Вице-премьер-министр "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча “Центтерра голд” компаниясы менен жетишилген келишимге ылайык, белгиленген төлөмдөрдү айтты. "Онкологиялык борборго 10 миллион доллар, Ысык-Көлдүн айланасындагы экологияны коргоого 50 миллион доллар берилет. Жалпысынан 169 миллион доллар түздөн-түз алынат", - деди ал.