Кыргыздын "Кумтөр" долбоорундагы үлүшүнүн Дүйнөлүк биржадагы азыркы таптагы баасы 455 миллион доллар. Маалыматты бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында өкмөт өкүлдөрү билдиришти. Депутаттар "биздин үлүштүн баасы ушундай азбы?" деп сурашты эле, "азыркы тапта дүйнөлүк биржада алтындын баасы түшүп кетти" деген жооп айтылды.
Белгилүү болгондой, Кыргыздын "Кумтөрдөгү" үлүшү 26 пайызды түзөт.