Өкмөт: "Уруксат берилсе Лысый мөӊгүсүнүн 10 пайызы, Давыдовдун 25 пайызы алынат"

Кыргыздын Суу кодексине өзгөртүү киргизилсе "Кумтөр" кениндеги Лысый мөӊгүсүнүн 10 пайызы, Давыдовдун 25 пайызы ордунан жылдырылат. Бул тууралуу 16-ноябрда Жогорку Кеӊеште өкмөт мүчөсү Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

"Буга чейин Лысый мөӊгүсүнүн 10 пайызы жок кылынган, уруксат берилсе дагы 10 пайызы ордунан жылдырылат. 80 пайызы калат. Давыдов мөӊгүсүнүн 45 пайызы жок кылынган, эми 25 пайызын жылдырууга уруксат суралууда. 30 пайызы калат", - деди Зилалиев.

Депутаттар "ошол жок кылынган мөӊгүлөр үчүн ким жооп берет" деген суроо беришти эле, өкмөт өкүлдөрүнөн жооп болгон жок.

Жогорку Кеӊеште Суу кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан