Жогорку Кеӊеште 16-ноябрда өлкөнүн Суу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.
Долбоор көпкө талкууланган жок, демилге добуш берүүгө жөнөтүлдү. Депутаттар Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев, Алмамбет Шыкмаматов кесиптештерин мыйзам долбоорун колдобоого чакырышты.
Шыкмаматов: "Мындай жагдай Кыргыз мамлекетинин тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Жок кылынган мөӊгүлөр боюнча ким жооп берет? Өкмөт өкүлдөрү 6 миллиард сомго арыз бердик деп жатат. Жогорку Кеӊеште туруп калп айтуу кадимки көрүнүшкө айланып калды. "Центеррага" каршы бардык доо арыздар артка кайтарылып алынат деп макулдашууга жазып койгонсуӊар. Анан кантип төлөтөсүӊөр? Сүйлөбөйт элем, калп айтканда күйүп кетет экенсиӊ", - деп билдирди.
Долбоорго бүгүн добуш берүү болот.