Министрлик: "Быйыл өлкөдө буудай тартыштыгы жаралбайт"

Быйыл өлкөдө буудай тартыштыгы жаралбайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда SUPER.KG порталына Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулуева билдирди.

Анын айтымында, орто эсеп менен жылда 750-800 миң тоннага жакын буудай керектелсе, учурда өлкөдө 875 миң тонна буудай бар.

"Казакстандан ун өндүрүүчү ишканалар менен алдын ала акчасы төлөнүп келишим түзүлөт. Анын негизинде алар бизге буудайларды алып келишет. Жылда Казакстандан 250-300 миң тонна буудай алынып келсе, быйыл 7 айда эле 229 миң тонна буудай алынып келген. Учурда да алынып келип жатат, тоскоолдуктар жок", - дейт Анаркүл Беккулуева.

Ошондой эле ал учурда оперативдик көрсөткүчтөргө ылайык, өлкөдө 646 миң тонна буудай өндүрүлгөнүн, өткөн жылдан калган буудайдын калдыктарын жана импорттолуп келгендерди кошкондо учурда жетиштүү көлөмдөгү буудай бар экенин айтты.

Андан сырткары Казакстанга кетип жаткан Кыргыз товарларынын кемчиликтери тууралуу Казакстандан нота келгенин, учурда Айыл чарба министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантин департаментинде аталган кемчиликтерди жоюу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2017-11-16 17:45:30
yrysbek, Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан