Алмазбек Атамбаев: “Иш жүзүндө өлкөнү 3 эле жыл башкардым”

“Мага 6 жылдын ичинде иштөө үчүн 3 эле жыл беришти”, - деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-ноябрда бир топ жарандарга мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде. Өлкө башчысы президенттик мөөнөтү бүтүп баратканын айтып, өзү менен кыйын күндөрдө бирге болгон санаалаштарына ыраазычылык билдирди.

“Ар бир күндү санап отурам, 8 күн калды. 6 жылдын ичинде иштөө үчүн мага 3 эле жыл беришти. 3 жыл администрацияларды басып алышат, митинг кылышып, кызык эле 6 жыл болду. Силерге окшогон пикирлештер, санаалаштар болбогондо, балким, мен сынып калмакмын. Өлкөнү башкаруу, милиция, аскер кызматы, укук коргоо органдарын жолго коюу өтө оор болду. Кыргыз мамлекети бутуна туруп жатат. Силер бул сыйлыктарга татыктуусуңар. Эң негизгиси - эмгек!” - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан