"Супер-Инфо" гезитинин 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурган "Атасынын кызы, апасынын уулу" сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

"Супер-Инфо" гезитинин 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурган "Атасынын кызы, апасынын уулу" сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. "Атасынын кызы" сынагы боюнча 1-орунду Раяна атасы Кубанычбек Кагаздиев менен, 2-орунду Асел атасы Канат Өмүрканов менен, 3-орунду Жаркынай атасы Дүйшөбек Искаков менен ээледи. Ал эми "Апасынын уулу" сынагында 1-орунду Амир апасы Бактыгүл Самакова менен, 2-орунду Сабыр апасы Нуралиева Турсунай менен, 3-орунду Эмир апасы Чаңгылова Гүлзат менен ээледи.  Кеңсебизге ата-энеси менен келген бөбөктөрдү "Компьютер-Пресс" коомунун президенти Шаиста Шатманова куттуктап, аларга белектерди ыйгарды. Сынактын жеңүүчүлөрү "Рахат" соода борборундагы "Baby Land" оюн-зоок аянтчасына барып, чарчаганча ойношту.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан