SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жолдошуңар иштетпейм десе эмне кыласыңар?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Эгерде күйөөңүз "сен иштебейсиң, үй-бүлөнү материалдык жактан өзүм камсыздайм" деп айтса, сиз кандай чечим кабыл аласыз? Мисалы, сиз дарыгерсиз, юристсиз же педагогсуз. Жаштайыңыздан кыялданган ой-максатыңыз заматта бүлүнүп жатса, эмне кылмаксыз?" - деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Азыркы заманда "иштетпейм, сен үйдө отур, мен багам" деген эркектер калган жок окшойт. Тескерисинче "экөөлөп бирге иштейбиз, үйдө отурбай иште" дегендер көбөйгөнсүйт".
"Жолдошум "кааласаң иште, каалабасаң үйдө жатып ал" дейт. Бирок жумушумду аябай жакшы көрөрүмдү билип унчукпайт. Негизи күйөө эле иштеп камсыздаса жакшы болмок. Бирок азыр андайлар аз да. Кээде жумуштан чарчап, болду иштебейм дейм. Жолдошум "сен иштебесең буулугуп, башкача болуп каласың" дейт. Ошон үчүн иштебе деп айтпайт экен мага".
"Эгерде "иштебейсиң, үйдө отур" десе, макул болмокмун. Балдарды багып, үй ишин кылып, кечинде күйөөм жумуштан келсе жаркылдап күлүп-жайнап тосуп алып, дасторконду жайып, түркүн тамактарды жасасаң сонун болсо керек. Бирок бир жагынан аял киши иштесе, баарына жетишкенге аракет кылат. Үйдө болсоң же кириң жуулбай же тамагын жасалбай калат дегендей".
"Адам баарына көнөт экен. Тун уулубуз менен үйдө отурганда жумушума көнгөн жаным дурус эле буулуктум. Азыр деле үйдөмүн, бирок мурдагыдай - бир нерсе жетишпегендей сезим жок, жумушумду сагынган жокмун. Балдарым менен бала болуп күндүн кантип өткөнүн билбей деле калам. Мурдагы кожойке менен азыркы кожойкенин айырмачылыгы - интернет. Үйдө отуруп деле аалам кезе бересиң. Буулукпайсың, жаңылыктан кабардарсың, билбегениңди билип тил үйрөнөсүңбү, дистанттык түрдө окуйсуңбу - өз эркиң".
"Мугалим, дарыгер, тигүүчүлүк кесипти аркалаган аялдарды жолдошу тыйбаса деле керек. Ошентсе да аялдын карьерасы - бул үйдүн кутун сактоо, бала тарбиялоо, жолдошунун тапкан-ташыганын сарамжалдуу пайдалануу. Бирок азыр тескерисинче болуп калды. Аял базарда, эркек үйдө. Бул да сабатсыздыктын кесепети".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.