Бүгүн, 16-ноябрда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бир катар мамлекеттик кызматкерлерге, коомдук саясий ишмерлерге жана ишкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Өлкө башчысы сыйлык ээлерин куттуктап, бул натыйжалуу эмгектердин артынан берилип жатканын айтты.
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге "Даңк" ордени берилди.
Сыйлык тапшыруу аземинде III даражадагы "Манас" ордени 2 адамга, "Даңк" ордени менен 7 адамга, "Даңк" медалы 2 адамга тапшырылды.