Бишкекте "Жибек жолундагы пекиндик жомок" аттуу сүрөт көргөзмө ачылды

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарындагы Чуйков атындагы эмен сейил багында, Кыргыздын сүрөтчүлөр бирикмесинин 83 жылдыгына карата "Жибек жолундагы пекиндик жомок" аттуу сүрөт көргөзмө ачылды.

Көргөзмөдө Кытайдан келген сүрөтчүлөрдүн жибекке тартылган эмгектери коюлду. Кыргыз сүрөтчүлөр бирикмесинин төрагасы Таалайбек Усубалиев иш-чара тууралуу буларга токтолду.

"1934-жылы 16-ноябрда Кыргыз сүрөтчүлөр бирикмеси уюшулган. Бул белгилүү күнгө карата бүгүн кытайлык кесиптештерибиз "Жибек жолу" аттуу көргөзмөнү ачып жатышат. Биздин бирикмеге быйыл 83 жыл болгонуна байланыштуу биз кытайлык сүрөтчүлөрдү чакырдык. Кытайда жибекке сүрөт тартуу искусствосу өнүккөн. Чет элдик коноктор бизге жибекке сүрөт тартуу өнөрүн үйрөтүшөт. Алар сүрөт тартууда май боёк колдонушпайт. Көргөзмөгө 6 сүрөтчүнүн 20дан ашуун сүрөттөрү коюлган", - дейт Таалайбек Усубалиев.

Бишкекте Кытай сүрөтчүлөрдүн сүрөт көргөзмөсү ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
yrysbek
2017-11-16 17:50:22
“Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамын 3-окууда колдогон депутаттардын аты жонун тизмелеп элге жарыя кылгыла эл билсин ким, кайсыл депутат эл душманы экенин.
+2
yrysbek
2017-11-16 17:52:24
“Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамын 3-окууда колдогон депутаттарга элдин каргышы тийсин. Былар эми мындан ары эл депутаттары эмес эл душмандары аталат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан