Бүгүн, 16-ноябрда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бир катар мамлекеттик кызматкерлерге, коомдук саясий ишмерлерге жана ишкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Сыйлык алгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары бар. "Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наамы Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловго тапшырылды. Ал эми "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам депутат Айтмамат Назаровго берилди.
Сыйлык тапшыруу аземинде III даражадагы «Манас» ордени 2 адамга, «Даңк» ордени 7 адамга, «Даңк» медалы 2 адамга тапшырылды.