Алмазбек Атамбаев айыл чарбасы үчүн эмне иштерди жасаганын айтты

Бүгүн, 16-ноябрда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде айыл чарбасында акыркы 6 жылда болгон өзгөрүүлөрдү атады.

"Бул жерде сыйлык алган жарандардын көбү айыл чарба тармагынын өкүлдөрү. Мен бул тууралуу ойлонуп, айыл чарбасына бөлүнгөн кредиттер боюнча маалыматтарды сурадым. 2009-жылы айыл чарба тармагына 2,5 миллиард сом бөлүнгөн экен. Ал каражаттын орточо жылдык үстөк пайызы 26,8 болгон. 2017-жылы айыл чарбасына 6 миллиард сом бөлүндү. Анын жылдык үстөк пайызы 6-10 пайыз", - деди Атамбаев.
Президент Орусиядан күйүүчү май ташуу маселесин чечкенин, бул айыл чарбасы үчүн маанилүү кадам болгонун кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан