Казакстан 3-10-ноябрь күндөрү Орусия, Өзбекстан жана Кыргыз жеринен барган 570 тонна мөмө-жемишти артка кайтарды. Себебин "Казакстандын мыйзамдарына жана Евразиялык экономикалык союздун талаптарына жооп бербегени үчүн" деп атап, талапты бузуу боюнча 53 факт аныкталганын билдирди.
Бул тууралуу 15-ноябрда Казакстандын Айыл чарба министрлиги кабарлады.
3 жолу Өзбекстандан алынып келген товарлар боюнча эреже бузуу аныкталса, Орусиядан товар киргизүү алдында 19 эреже бузуу болгону айтылат маалыматта. Ал эми Кыргыз жеринен алынып барган товарлар боюнча 30 эреже бузуу фактысы катталган. Мындан тышкары Кытайдан талапка жооп бербеген товар киргизүү аракети токтотулганын билдирди министрлик.