Мамлекеттик Думанын депутаты Алексей Журавлёв кесиптештерин Казакстандын латын арибине өтүү аракетине реакция жасоого чакырды. Депутат Орусия аталган өлкөнүн аракетине тынчсыздануусун билдириши керек деп эсептейт.
Журавлёв Казакстанда орус тилдүү жашоочулар көптүгүн, алардын укуктары боюнча кийин маселе чыгышы мүмкүн экенин айтты.
"Бүгүн биз үн катууга милдеттүүбүз. Мамлекеттик Думанын атынан өзүбүздүн тынчсыздануубузду Казакстандагы кесиптештерибизге билдиришибиз керек. Келгиле, маселе көтөрөлү, азырынча чечүүгө мүмкүн. Бул ачыктан ачык эле Орусияга карата достук мамиледе эместиктин белгиси", - дейт Журавлёв Мамдуманын пленардык жыйынында.
Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнү акырындык менен латын арибине өткөрүү жөнүндө буйрук чыгарган.