Ак Үйдүн, Жогорку Соттун алдына митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Ак Үйдүн, Жогорку Соттун алдына митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 8-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин арызы каралган. Ал арызда Жогорку Кеңештин, Өкмөт үйүнүн, БШКнын, Бишкек шаардык сотунун, Жогорку Соттун имараттарынын алдына жана Киев көчөсүндөгү Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин жанына "Ала-Тоо" аянтына 2017-жылдын 1-декабрына чейин митинг өткөрүүгө тыюу салуу өтүнүчү жазылган.

Ошондой эле маалыматта сот аталган арызды карап аны канааттандырган жана нааразычылык акциялар, митингдер Насирдин Исанов көчөсүндөгү Максим Горький атындагы скверде өткөрүлсүн деген чечим кабыл алганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kenjebek_a
2017-11-16 22:41:21
Жакында Оз ойунду Эркин айтууга тыйуу салышат бул бийлик.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан