Тышкы иштер министри казак кесиптешине жооп кайтарды

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановдун айтканына жооп берди. Абдылдаевдин билдирүүсүндө "менимче, Казак тышкы иштер министри билдирүүсүндө өзүнө каршы сүйлөдү. Эгер ал өз сөздөрүнөн кийин "Дипломат жана Казак тышкы иштер министри катары башка мамлекет башчысынын сөзүнө баа бере албайм" деп койсо маселе бүтмөк. Башка бир саясий серепчинин оюна кошулуп же кубаттаганы ал тараптан туура эмес болуп калды. Андыктан ал өзүнө карама-каршы чыгууда" деп айтылат.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин 15-ноябрдагы билдирүүсүнө карата Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов өз пикирин билдирген. Чиновник "Кыргыз президентинин билдирүүсү орунсуз жана эгемендүү өлкөнүн башчысынын статусуна ылайык келбей турганын айткан белгилүү саясат таануучунун пикирине кошулам" деген.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 15-ноябрда Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБдеги укуктары Казакстандын өзүм билемдигинин айынан чектелип жатканын айткан. Ошондой эле президент Нурсултан Назарбаевдин дарегине сын-пикир билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
gute
2017-11-16 18:37:22
АШАнын БАЛП этмейи качан бутот
+3
mir777
2017-11-16 19:18:04
gute,бутпойт эми батлга чыгат)
+5
Baktikan
2017-11-16 18:42:54
Tuura kiliptir~sozuno soz~kozuno koz kilip joop kaytara bersin~
+7
Dalil
2017-11-16 19:16:35
Акыйнек айтышмай кезеги ТИМде
+8
ajdaaar
2017-11-16 19:42:35
Абдылдаев Казак министри менен акыйнек айтышкыча бай атасын тыйып албайбы?!!

Силердин акыйнегинерден карапайым эл жабыр тартып кыйналууда....
+2
Best.bakyt
2017-11-16 19:43:23
Кыргыз Казак бийлиги токмо акындар сымал айтышышты го
+5
admiral
2017-11-16 19:47:41
Айла жоктун созу
+2
ekaterinburg
2017-11-16 19:52:25
Эки тарап эки жакта жооп берише бергиле эми ушинтип.
+2
ajdaaar
2017-11-16 19:52:28
Казахстан бензин менен унду откорбой койсо эле, Кыргыз бийлигинин бир айда "поюзу келет".....
+3
arawan
2017-11-16 21:54:54
Мен барып келдим жамбулга соода кылганы чек арада 200дой фура 100грузовой машина турат саатына бирден гана отуп жатат техникалар элге кыйын болду 3 4 тон тыгылып машинада укташат суткалап
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан