Бүгүн ИИМдин башчысы Улан Исраилов жол коопсуздугу боюнча депутаттарга маалымат берет

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында жол коопсуздугу талкууланат. Анда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, ички иштер министри Улан Исраилов, транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов бул багыттагы реформа боюнча кандай иш-аракеттер болуп жатканын айтып беришмекчи.

Мындан тышкары жыйынга саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан