Өкмөт көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча токтом чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына кечээ, 16-ноябрда жарыяланды.
Маалыматка ылайык, токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Анда "көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу 90 календардык күнгө киргизилсин" деп жазылган. Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү тапшырылган.
Өкмөттүн аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жүктөлө турганы жазылган.