Бүгүн, 17-ноябрда Санкт-Петербург шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргыз-Орусия мамилелерин бекемдөөгө багытталган кызматташуунун жыйынтыктары талкууланат.
"Орус тарап Алмазбек Атамбаевдин Орусия менен Кыргыздын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана ЕАЭБдин алкагында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жеке салымын жогору баалайт", - деп айтылат Кремлдин маалыматында.