ЭЛДИК ВИДЕО: Буряттардын бут кийимин жарнамалаган ролик интернет колдонуучуларга жакты

Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө "Хаха! Пафос. Буряттардан оригиналдуу жарнама" деген видео жүктөлдү (ник: Grey).

Видеодо Буряттардын унта аттуу бут кийимин жарнамалаган баш каарман жолдошторуна жаңы алган бут кийимине мактаныш үчүн түрдүү, бирок күлкүлүү кыймыл-аракеттерди жасап, аларды таң калтырган болот. Бутундагы унтасын көрмөйүнчө көрөрман анын эмне болуп жатканына деле түшүнбөйт. Андан соң райондогу "авторитет" балдардын тобуна барып, бут кийимине мактанып, унаасына бутун коюп, телефон чалгандарга чокоюн жарнамалайт.

Комментарийлерде роликти "бурятиялыктардын жалгандан жалгыз көңүл толорлук жарнамасы" деп жазышууда. "Бомба! Жарнаманы көрүп, эжеме унта сатып бергим келди" деп жазат колдонуучулардын бири. Бут кийимдин жарнамасынан улам аны "жаңы чыккан iPhone X смартфонунун параметрлери менен дал келгидей эле болуптур" дешүүдө.

Унта – териси сыртына каратып тигилген, суукта кийилүүчү бут кийим. Ролик 15-ноябрда "Дулаан" аттуу дизайнердик унта чыгаруучу компаниянын баракчасына жүктөлгөн. Видеону көрүү үчүн бул жакка өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ekaterinburg
2017-11-17 09:31:27
КВН чилер го)
0
ajdaaar
2017-11-17 13:05:46
Беспонтовый ролик экен...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан