ЖЫЛНААМА, 17-НОЯБРЬ: Бүгүн Ара төрөлгөн балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү

2009-жылы Наристелерди коргоонун Европа фондунун (EFCNI) демилгеси менен 17-ноябрь – Ара төрөлгөн балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү деп белгиленген. Мунун негизги максаты – элге балдар эмне үчүн ара төрөлө турганын жана анын алдын алуу жолдорун жайылтууда.

Статистика боюнча, дүйнөдө жыл сайын наристелердин 6-8 пайызы ара төрөлөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен 2004-жылы Кыргыз өлкөсүндө 22 жумадан кийин төрөлгөн 500 граммдан жогорку салмакта жарыкка келген наристени жаңы төрөлгөн бала катары каттоо критерийи киргизилген.

Адистердин айтымында, 500 граммдан 1500 грамм салмакка чейин төрөлгөндөрдүн 49,2 пайызы жашоосун андан ары улантып кетет. Жетишсиз жана туура эмес тамактанган, тамеки чеккен, ошондой эле өзү дагы убагына жетпей төрөлгөн эненин баласы ара төрөлүшү мүмкүн. Мындан тышкары оор жумуштар, стресс жана жугуштуу оорулар да ымыркайдын убагына жетпей төрөлүүсүнө алып келет.

Дүйнөдөгү белгилүү инсандардын арасында да убагына жетпей төрөлгөндөр жок эмес. Алардын бири – италиялык сүрөтчү, окумуштуу Леонардо Да Винчи. Ал ара төрөлгөнү аз келгенсип, салмагы 900 гана грамм болгон. Дарыгерлер анын жашап кетерине ишенишкен эмес. Бирок ал 67 жашка чейин өмүр сүрүп, болгондо да тарыхта аты калган белгилүү генийлердин катарына кирген.

Ошондой эле улуу кол башчы аталган Напалеон Бонапарт да дал ушундай 900 граммдык салмак менен туулган. Ал кезде кичинекей, алсыз ымыркайдан дүйнөгө аты чыккан кол башчы чыга турганын эч ким ойлоп да койбосо керек.

Ара төрөлгөн белгилүүлөрдүн катарын физик жана математик Исаак Ньютон, жазуучу жана журналист Марк Твен, америкалык ырчы Стив Уандер, физик Альберт Эйнштейн, сүрөтчү Пабло Пикассо, кыргыз жылдыздарынан Кенже Дүйшеева жана Айпери Кубик кызы толуктайт.

17-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан