“Салык кызматкерлери сезон учурунда Ысык-Көлдөгү конок үйлөрүн текшерип, айрымдары ойношторунан бери алып барышат”, - деп бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик салык кызматкерлери күз-кыш мезгилдеринде текшерүүгө барышпайт.
“Алар текшерүү иштерин бир айлап жүргүзүшөт. Эмне үчүн күз-кыш мезгилдеринде барышпайт? Текшерүү учурунда айрымдары үй-бүлөсүн, туугандарын, досторун, ойношторун алып барышарын уктум”, - деди Сурабалдиева.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдукаимов мындай фактылар бар деп айта албай турганын билдирди.