Бүгүндөн баштап 2000 сом улуттук валютасы жүгүртүүгө чыгарылат

Бүгүн, 17-ноябрдан баштап 2000 сом улуттук валютасы Кыргыз өлкөсүнүн аймагына жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2000 сомдук банкнотторду Улуттук банктын жүгүртмө кассасынан алууга болот. Ал эми 20-ноябрдан тартып аталган банкнотторду Кыргыз өлкөсүндөгү коммерциялык банктардан алууга мүмкүн болот.

Эскерте кетсек, 2000 сом Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болушунун жана улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына карата чыгарылган. Эстелик банкнот Кыргыз мамлекетинин байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки калыптануу жолун чагылдырган жана заманбап коргоо элементтерин камтыган өзгөчө дизайнга ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Cherik.777
2017-11-17 13:00:23
Сомдунда куну жоголуп баратат.... 100сомдук м.н эле калса болмок башынан
-4
Rifle_I
2017-11-17 14:39:35
Cherik.777, машина алганы барганда бир мешок акча менен барабызбы ?
+2
janat.kg
2017-11-17 15:46:13
Cherik.777,тура айтасын. Акчада адамдын суроту бар акча кунун эч качан жоготпойт. Доллар Евро Юань Дирхам акчаларда адамдын суроту бар.
0
AKCAHAT
2017-11-17 16:02:06
janat.kg,а бизде эмне жаныбарлардын суроту барбы?
+6
tasnim
2017-11-17 17:32:42
AKCAHAT,)))))))))ооооой ичим
+2
TalaCSKA
2017-11-17 13:01:31
Супер канча даана 2000сомдук чыгат экен ?
+1
meerim01
2017-11-17 13:01:56
10000 мин сом качан чыгат
-6
sely
2017-11-17 13:03:53
Чондор элдин социалдык көйгөйүн чечүүнүн ордуна бири биринерди камап акча жасап элдин эсебинен жеп жүрө бергиле.
-9
Musabaeva.
2017-11-17 13:28:01
sely,э айланайын э ар бир темага эле чондор деп наалыганынарды токтоткулачы!
+13
Sadyrbekov1997
2017-11-17 14:24:29
Musabaeva.,оа туура айтасс
+2
Ankel
2017-11-17 13:06:13
Дизайны өзгөчө экен, акчаны санаган убакта колдо вертикал абалда кармалат, ошону эске алышкан окшойт.
+15
abusait
2017-11-17 13:37:05
Мага да жакты. Жуз даана болсо , санаап отурсам шакылдатып , анан аялым азык тулук алыш керек десе , ме деп бирон берсем
+23
Musabaeva.
2017-11-17 13:43:34
abusait,кыялдар орундалат))
+15
datkayimjan
2017-11-17 14:45:59
abusait,бирооно коп деле азык тулук келбейт. Экоону берип,мынага кийинип ал деп он даанасын берсениз абдан сонун болот.
+3
Rifle_I
2017-11-17 14:40:17
Еврого бир аз окшоп кетеби дейм ?
+2
jumaev0084
2017-11-17 15:21:46
Чынгыз Айтматов атабыздын суротун койбой беле соннун болмок
0
Alinur96kg
2017-11-17 16:30:55
Ону-тусу 20 эврого окшош экен го.
+1
Sabway
2017-11-17 18:03:30
Ээх кандай сонун эл, кандай кооз жер Кыргызстаным!!! Башына кандай туйшук болсо дагы, Кандайсыз десен "жакшы" деген созду угасын. Мекенимден алысмын сагындым Кыргызстанымды!!!
+4
Sabway
2017-11-17 18:04:57
Комментарий окуп атып озунчо эле Кыргызстанда жургондой )))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан