Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүүдө.
Аталган комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев билдиргендей, парламенттик угуунун негизги максаты - өлкөнүн экономикалык кырдаалын ачык-айкын талкуулоого өбөлгө түзүү.
"2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоору өкмөт тарабынын Бюджеттик кодексине ылайык даярдалган. Өкмөттүн "Ишеним жана биримдик", "Таза коом" программаларын ишке ашыруу эске алуу менен иштелип чыккан. Мында өлкөнүн экономикасын көтөрүү, элдин социалдык абалын жакшыртуу боюнча абдан көп маселелер каралган. Бирок кемчиликтер дагы арбын. Республикалык бюджетте тартыштык көп, мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары төмөн, ишкерлердин ишмердүүлүгүн колдоо аз. Азыркы учурда аталган мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин комитеттеринде каралып жатат", - деди.
Парламенттик угууга Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, эл аралык мекемелердин, мамлекеттик эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышып жатат.