“2018-жылы бюджет тартыштыгы 3,8 пайызга азаят”, - деп бүгүн, 17-ноябрда парламенттик угууда каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, бюджеттин жалпы кирешеси 7,5 пайызга жогорулайт. “2019-жылы бюджет тартыштыгы 3, 4 пайызга, 2020-жылы 3 пайызга кыскарат. Бюджет тартыштыгын кыскартуу боюнча каражат булактары каралып жатат”, - деди министр.
Учурда Жогорку Кеңеште 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүүдө. Ага Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, эл аралык мекемелердин, мамлекеттик эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышып жатат.