SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Көчөдөгү көрүнүш" деген тема талкууга алынган. Анда автор "Көчөдө жаштардын ыплас иштерди (кучакашып, өбүшүп) жасашына кандай карайсыз?" деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен көчөдө кучакташып өбүшмөк турсун, кээде күндүз дүкөнгө чыкканда байкабай жолдошумдун колун кармап алсам, "жөн бас, колтоюшуп жетелешип алыптыр дешет" деп урушат элдер бар жерде. Ал эми кечинде кечки тамактан кийин эшикке чыгып ары-бери басып сейилдеп келебиз, ошондо жөн эле жетелешип алабыз".
"Мен күндө көчөдө өбүшкөндөрдү көрө берип көнүп деле калдым. Бул нерсеге катардагы көрүнүш катары эле карайм. Мага баары бир, эмне кылса кыла беришсин".
"Ислам дини жубайлардын көчөдө элдин көзүнчө кол кармашып басышына, үйдө балдарынын көзүнчө бири-бирине сезимин көрсөтүшүнө тыюу салат. Мындай ишти жеке деп коёт. Жубайлар сезимдерин ачып жатканда жадакалса периштелер уялат".
"Мен мындай көрүнүшкө каршымын, эч ким көрбөгөн жерге барып каалаганын кылышсын. Заманбаппыз деп эле көчөдө ар нерсе кылыштын кереги жок, коомду ойлобогон адамдар оюна келгенин кылышат. Биздин менталитетке да туура келбейт".
"Кыз-жигит учурунда ортодогу сезимдерди өзгөлөргө көрсөтүүдөн сактаныш керек. Өбүшүп-жытташып сүйүүсүн көчөдө мактанбай, ак никеде туруп сезимдерин бири-бирине тартуулаган миң эсе жакшы. Көчөдө, коомдук жайларда чектен ашкан сезимдерди тыя билели, кыздар, ыймандуу жигиттер".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.