Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Жээнбековдун басма сөз кызматы жарыялады.
“Биз бир туугандык жана кызматташтык мамилелерибизди биргеликте өнүктүрөбүз деп ишенем. Ишиңиз ийгиликтүү болсун. Сизге чың ден соолук бакубатчылык каалайм”, - деп жазылган куттуктоодо.
Айта кетсек, кечээ, 16-ноябрда Сооронбай Жээнбеков 59 жашка чыкты. Ал 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо 920 миң 626 добуш (54,22 пайыз) топтоп, жеңишке жеткен.