Кечээ, 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербург шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, Кыргыз мамлекет башчысынын алгачкы сапары дагы, акыркы сапары дагы Орусияга жасалгандыгынын белгилүү бир символу бар экендигин белгиледи.
“Сиздин Кыргыз Республикасынын президенти кызматында иштеген мезгилде өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин сапаты олуттуу өзгөргөндүгүн белгилөө мен үчүн абдан жагымдуу. Сиздин республика Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болду. Экономика, коопсуздук чөйрөлөрүндө эки тараптуу планда мамилелерибизди кыйла илгерилеттик, тышкы чек араларыбызды чыңдаганыбызды, ошондой эле гуманитардык чөйрөдө кызматташууну айтып жатам”, - деп Путин Атамбаевдин Санкт-Петербурга жасаган сапарына абдан кубанычта экендигин белгиледи.
Мындан тышкары Орусиянын президенти гуманитардык кызматташууну тереңдетүү жана Алтай цивилизациясын мындан ары изилдөөгө багытталган демилгени колдой турганын айтты.
“Көп жылдар бою, балким кылымдар бою элдерибиздин ортосунда калыптанган байланыштарды бекемдөө, өнүктүрүү багытында сизде көп идеялар бар экендигин билем. Бул тармакта сиздин демилгелериңиз жакшы, аларды биз колдогонбуз, келечекте дагы колдой беребиз деген ниеттебиз. Элдерибиздин ортосунда мамилелердин тамыры терең экендигин баса белгилөө абдан маанилүү деп эсептейм. Биз бул туурасында сүйлөшкөнбүз. Алгачкы чоң иш чараны сиздер Кыргыз жергесинде өткөрдүңүздөр. Биз Орусияда да аянтча тартуулаганга даярбыз”, - деп баса белгиледи Владимир Путин.
Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде көп кылымдык тарыхый байланышы бар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү деңгээлине канааттангандыгын белгиледи.
“Быйыл биз Алтай форумун өткөрдүк, ага 30га жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Ал тургай Кыргыз өлкөсүндө Дүйнөлүк Алтай конгрессин өткөрөлү деп макулдаштык. Биз тарыхыбызды билишибиз керек. Анткени басып өткөн жолун билбеген эл келечекке жол таба албайт. Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосунда калыптанган деңгээл кылымдарга, түбөлүккө сакталып калышын каалайм. Мунун баарын талкалап, бычыратып, башка тарапка алып кетүү аракеттери болгондугун сиз жакшы билесиз. Бул жагынан алганда акыркы алты жыл мен үчүн абдан татаал болду. Мына ушул биз калыбына келтирген боордоштук мамилелер мындан ары дагы жалаң бекемделиши үчүн мен, албетте, чындап күйөм”, -деди Атамбаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле кыргыз-орус кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн келечегин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.