Социалдык фонддун 2018-жылга бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 51 миллиард 868 миллион сом көлөмүндө каралууда. Бул тууралуу кечээ, 17-ноябрда парламенттик угууда Социалдык фонддун төрагасы Теӊизбек Абжапаров билдирди.
Анын айтымында, 2019-2020-жылдарга бюджеттик божомол 53 миллиард 207 миллион сом жана 55 миллиард 545 миллион сом көлөмүндө түзүлүүдө.
“Пенсиялык фонддун кирешелери жыл башындагы калдыкты кошуп эсептегенде 47 миллиард 262 миллион 528 миң сом. Каражаттардын жыл башындагы калдыгы 1 миллиард 509 миллион сом. Бюджет долбоорунда пенсияларды жогорулатууга 516 миллион сом көлөмүндө каражат каралууда”, - деди Абжапаров.