Чүй облусунда "эки жашар баланы катуу сабап, зордуктады" деп айыпталган адамдардын үстүнөн чыккан райондук соттун өкүмү күчүндө калды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына жабыркаган баланын жактоочусу Чолпон Кудайбердиева билдирди.
"Бул ишти кечээ, 17-ноябрда Чүй облустук соту карады. Ал 2017-жылдын 28-январында Аламүдүн райондук сотунун "Жаныбек Тулебеков өмүр бою, аялы Айзада Аккөзова 15 жылга эркинен ажыратылсын" деген чечимин күчүндө калтырды. Сот алардын өспүрүм балдары болгонун эске алып, үй-мүлктөрүн конфискациялоо боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгарды", - деди жактоочу.
Эске салсак, 2015-жылдын 11-январына караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы жана агасынын аялы эки айга камакка алынган. Ушул жылдын 28-февралында ишти Аламүдүн райондук соту карап, агасын өмүр бою, аялын 15 жылга эркинен ажыраткан. Буга макул болбогон айыпталуучу тарап апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылган.