"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Патрулдук милиция Оштогу Мерседес менен экскаватордун катышуусундагы кырсыктын чоо-жайын айтып берди

Ош шаарында катуу ылдамдыкта бара жатып экскаваторду аркасынан сүзүп алган Мерседестеги 3 адам жаракат алып ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Ош облусундагы Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Окуя кечээ, 17-ноябрда саат 21:00 чамасында болгон. Анда Ош шаарын көздөй бара жаткан Мерседес 200 үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын айдоочусу унааны башкара албай калып, алдында бара жаткан экскаваторду сүзүп алган. Натыйжада Мерседестин айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү жаракат алып, Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Экскаватордун айдоочусу жаракат алган жок. Жеңил унаа менен экскаватор айып аянтчасына токтотулуп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - дешти милициядан.

Эскерте кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG порталына аталган кырсык тууралуу кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
almanbetperm
2017-11-18 16:45:52
Экскаватордо эмне куноо штраф стоянкага киргизгидей. Потерпевший болсо
+1
Tyty1990
2017-11-18 17:08:41
Баягы эле экскаватордо куноо дешет булар. Мерседес жооон эле четте баратса,экскаватор келип сузду дей бергиле.
+3
Alinur96kg
2017-11-18 18:15:08
Экскаватордун габаритин коргозуучу фаралары, стоп сигналдары жок болсо ал деле куноолуу болот.
+1
Syn4y
2017-11-18 19:20:17
Эрте менен эвакуатор эле го
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан