Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 13 миллиард 429 миллион сом көлөмүндө каралууда. Бул тууралуу аталган фонддун 2018-2020-жылдардын бюджетинин долбоорунда жазылган.
Маалыматка ылайык, фонддун 2019-жылдагы бюджети 13 миллиард 448 миллион сом, 2020-жылдагы бюджети 13 миллиард 706 миллион сом көлөмүндө болжолдонуп жатат.
"Фонд камсыздандыруу корунан, республикалык бюджет менен Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен түзүлөт. 2017-жылы өлкөнүн жалпы саламаттыкты сактоо тармагына 16 миллиард 278 миллион сом жумшала турган болсо, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 12 миллиард 983 миллион сом көлөмүндө каралган", - деп жазылат маалыматта.